22 Şubat 2022 Salı

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: ЗАТТЫН АРТЫНДАГЫ СЫР ТЕМАСЫ "ВАХДЕТИ ВҮЖУД" ЭМЕС

 

Заттын артындагы сыр темасы кээ бир адамдардын каршы чыгышына себеп болууда. Бул адамдар бул теманын өзөгүн туура эмес түшүнүшкөндүктөн, бул теманы "вахдет-и вүжут" көз-карашы менен бир деп айтышууда.

Эң алгач баса белгилеп айта турган нерсе, бул чыгармалардын автору эхли сүннөт ишенимине абдан бекем жана вахдет-и вүжуд пикирин жактабайт. Мындан тышкары, вахдет-и вүжут пикиринин Мухйиддин Ибн Араби сыяктуу улуу Ислам ааламдары тарабынан жакталганын да унутпоо керек.

Важдет-и вүжут пикирин түшүндүргөн көптөгөн маанилүү Ислам аалымдары өтмүштө бул китептерде орун алган кээ бир темаларды тефеккүр кылып (терең ойлонуп), баяндаганы чындык. Бирок бул китепте түшүндүрүлгөндөр вахдет-и вүжут пикири менен бир эмес.

Мисалы, вахдет-и вүжут пикирин жактагандардын кээ бирлери туура эмес ойлорго кабылышып, Куранга жана эхли сүннөт ишенимине карама-каршы кээ бир ойлорду айтышкан. Мисалы, Аллах жараткан нерселерди толугу менен жок дешкен. Ал эми, заттын артындагы сыр темасын түшүндүрүүдө мындай пикир такыр айтылбайт. Бул тема Аллахтын бүт нерселерди жаратканын, бирок жараткан нерселеринин оригиналын Аллахтын көрөөрүн, адамдардын болсо бул нерселердин мээлеринде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн гана көрө алаарын айтууда.

Биз көргөн бардык нерселер, тоолор, чуңкурлар, гүлдөр, адамдар, деңиздер, кыскача айтканда, биз көргөндөрдүн баары, Аллах Куранда бар деп билдирген, жоктон жаратканын айткан бүт нерселер, жандыктар жаратылган жана бар. Бирок, адамдар бул жандыктардын оригиналын сезим органдары аркылуу көрө албайт, сезе албайт жана уга да албайт. Адамдардын көргөн жана сезгендери – бул нерселердин мээлериндеги копиялары. Бул илимий бир чындык жана бүгүнкү күндө медицина факультеттери баш болуп бардык окуу жайларында окутулган бир тема. Мисалы, азыр бул текстти окуган бир адам бул тексттин оригиналын көрө албайт, бул тексттин оригиналына тийе албайт. Бул тексттин оригиналынан келген жарык адамдын көзүндөгү кээ бир клеткалар тарабынан электрдик импульска айландырылат. Бул электрдик импульс мээнин арка тарабындагы көрүү борборуна барып, бул борборду аракеттендирет. Жана адамдын мээсинин аркасында бул тексттин сүрөттөлүшү пайда болот. Башкача айтканда, сиз азыр көзүңүз менен көзүңүздүн алдындагы бир текстти окуп жаткан жоксуз. Бул текст сиздин мээңиздин арка тарабындагы көрүү борборунда пайда болууда. Сиз окуган текст – бул мээңиздин арка тарабындагы «копия текст». Бул тексттин оригиналын болсо Аллах көрөт.

Жыйынтыктасак, заттын мээбизде пайда болгон бир элес болушу аны «жок» абалга алып келбейт. Бирок бизге адам тынымсыз мамиледе болгон заттын табияты жөнүндө маалымат берет жана бул маалымат – заттын оригиналы менен эч кайсы адамдын мамиледе боло албашы (аны көрүп, угуп, ага тийе албашы) жөнүндөгү чындык.

Бул чындык Идеализм, матрица философиясы жана заттын чыныгы жүзү аттуу китебибизде мындайча айтылган:

 

Сыртта зат бар, бирок биз заттын өзүнө жете албайбыз!

Зат элес деп айтуу – зат жок деп айтуу эмес. Тескерисинче, биз көрсөк да, көрбөсөк да заттык бир дүйнө бар. Бирок биз бул дүйнөнү мээбиздин ичинде бир копия, башкача айтканда сезүү органдарыбыздын жоромолу катары көрөбүз. Ошондуктан, зат – биз үчүн элес.

Дагы бир айта кетчү жагдай, заттын бар экенин бизден башка көргөн жандыктар да бар. Аллахтын периштелери, жазып туруучу катары милдеттендирген элчилери да бул дүйнөгө күбө болушууда:

 

Анын оң жана сол тарабында отурган эки жазуучу жазып жатканда Ал сөз катары (кандайдыр бир нерсе) айткан болсо, сөзсүз жанында даяр бир көзөмөлчү бар. (Каф Сүрөсү, 17-18)

 

Баарынан маанилүүсү эң башта Аллах бүт нерсени көрүүдө. Бул дүйнөнү бардык майда-чүйдөлөрү менен бирге Аллах жараткан жана Аллах бүт нерсеси менен бирге көрүүдө. Куран аяттарында мындайча кабар берилүүдө:

 

... Аллахтан коркуп (күнөөдөн) сактангыла жана билип койгула, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү, 233)

 

Айт: «Мени менен араңарда күбө катары Аллах жетиштүү; шексиз Ал пенделеринен толук кабардар, көрүүчү.» (Исра Сүрөсү, 96)

 Мындан тышкары, Аллахтын бүт окуяларды «Левх-и Махвуз» аттуу китепте жазылуу сактаганын унутпаш керек. Биз көрбөсөк да булардын баары Левх-и Махвузда бар. Бүт нерсенин Аллах Кабатында Левх-и Махвуз аттуу «Негизги Китепте» сакталуу экени мындайча билдирилүүдө:

Шек жок, ал – Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан бийик, өкүм жана хикмат (терең акыл) толо. (Зухруф Сүрөсү, 4)

...Кабатыбызда (булардын баарын) сактап-коруган бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)

Асманда жана жерде апачык болгон китепте (Левх-и Махвузда) орун албаган жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү, 75)

КИРИШҮҮ

  

Кандай дүйнөдө жашап жатасыз?

Катуу бир жердин үстүндө, ичинде адамдар, дарактар, деңиздер же имараттар бар, үстүнөн булуттар сүзүп жүргөн, андан жогоруда ири бир космос боштугу жайылган бир дүйнөбү бул жер?

Сиз болсо бул дүйнөнүн ичиндеги миллиарддаган адамдын бирөөсүсүзбү?

Эгер бул суроолорго «ооба» деп жооп берсеңиз, жаңылышасыз.

Эгер бул суроолорго «ооба» деп жооп берип жатсаңыз, анда сиз абдан маанилүү бир чындыкты өмүр бою билмексен болуп келе жатсаңыз керек.

Себеби сиз жогоруда сүрөттөлгөндөй бир дүйнөдө жашап жаткан жоксуз. Чынында дүйнөңүз бир топ кичине. Бул дүйнөнүн ичинде миллиарддаган километрдик аралыктар же жарык жылы алыстыгындагы галактикалар мындай турсун, бир канча метрдик бир алыстык да жок. Сиз негизи абдан кичинекей жана жабык бир жерде жашап жатасыз: ири бир мунаранын чокусундагы кичинекей, эшиги кулптанган бир бөлмөдө. Бул бөлмөдөн өмүр бою эч чыккан эмессиз. Бул бөлмөнү таштап эч жерге бара алган эмессиз. Болгону бөлмөнүн дубалдарына чагылтылган ар кандай сүрөттөрдү, адамдарды, жерлерди көрдүңүз. Бөлмөнүн ичиндеги жашыруун колонкалардан чыккан үндөрдү уктуңуз. Чынында мунаранын төбөсүндөгү бул кичинекей бөлмөдө сизден башка эч ким жок. Жападан жалгызсыз!

Бул мунара сиздин денеңиз, бул мунаранын чокусундагы кичинекей бөлмө (б.а. сиздин дүйнөңүз) болсо мээңиз.

Мээңиз сиз ичинен эч качан чыга албай турган жабык бир бөлмө; себеби сиз өзүн көрүп жатам дегендериңиздин баары чынында мээңиздин көрүү, угуу же тийүү борборлорунда сезген кабылдоолоруңуз гана. Эч качан кабылдоолоруңуздан ары өтүп, «чыныгы затка», сырттагы заттын өзүнө эч жете албайсыз. Мээңиздин көрүү борборуна келген электрдик сигналдарды көрүп, эч качан бул сигналдардын чыныгы булагын көрө албайсыз. Жабык бөлмөңүздүн дубалындагы кино пардасын көрүп, бирок эч качан пардадагы сүрөттөлүштөрдүн өзүнө жете албайсыз.

Бул китепте сизге ушул чындыкты айтып беребиз. Бул жерде айтылгандар ушул күнгө чейин сиз көнүп калган көп пикир менен түшүнүккө карама-каршы келет болуш керек. Бирок бул жерде айтылгандар философиялык бир көз-караш же башкача бир жоромол эмес, илим ачкан далилдерге таянган анык бир чындык. Ушул себептен, көнүмүш пикирлерге таянбастан, акыл жана логика менен ойлонгондо, бул чындыкты жокко чыгаруу мүмкүн эмес.

Жана унутпаңыз: чындыкты билмексен болуу, ойлонбоо адамдарга эч пайда алып келбейт. Эгер адам «жок мен жабык бир бөлмөдө эмес, ири бир ааламдын ичиндеги бир планетанын үстүндө жашап жатам» десе, муну далилдеши керек. Далилдей албай туруп, мындай пикирге сокурдук менен ишенүү адамды жаңылыштыктарга гана түртөт.

МЭЭДЕГИ КИЧИНЕКЕЙ ДҮЙНӨ

 

Адамдар абдан ынанымдуу көрүнгөн сүрөттөлүштөргө алданышы жана бул сүрөттөлүштөрдү «чыныгы зат» деп ойлошу мүмкүн.

Тарыхтагы алгачкы «кино көргөзмөсү» мунун кызык бир мисалы. 1895-жылы Огюст жана Луи Люмьер (Auguste ve Louis Lumierez) аттуу эки француз тапкычтар Парижте жасаган алгачкы көргөзмөдө станцияны көздөй келе жаткан бир поезддин көрүнүшү пардага чагылтылган, бирок салондогу көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү поезд бизди тебелеп кетет деп коркуп паникада сыртка качышкан.

Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, бир сүрөттөлүштү «чындык» деп ойлошуңуз ал сүрөттөлүштүн сапаты менен түз байланышта. Алгачкы жолу бир кино пардасын көргөн адамдар, бул ал доор үчүн абдан жогорку бир технология болгондуктан, көргөн поездди «чыныгы» деп ойлошуп, паникага түшүшкөн. Бүгүн болсо мындай таасир голограмма (үч өлчөмдүү сүрөттөлүш) пайда кылган атайын көз айнектер жардамы менен алынууда. Бул көз айнекти кийген адамдар көз алдында пайда кылынган санариптик (виртуалдык) дүйнөнү чындыктай кабыл алышып, ошого жараша реакция көрсөтүшүүдө. Бирок ошол кезде мунун толугу менен санариптик бир сүрөттөлүш экенин анык билишүүдө.

Ал эми биз «чыныгы дүйнө» деп атаган сүрөттөлүштөрдүн өзгөчөлүгү эмне? Булар дагы жогорку сапаты менен бизди жаңылткан голограммалар болушу мүмкүнбү?

Бул суроонун жообун табуу үчүн эң биринчиден «көрүүнүн» эмне экендиги жөнүндөгү маалыматтарыбызды кайрадан эстешибиз керек.

 

Сыртта жарык жок

Бүгүн илимпоздор акыркы илимий жетишкендиктерге таянып, жеткен кызыктуу бир чындык бар: дүйнөбүз чынында чымкый караңгы. Себеби бүгүн жарыктын бүтүндөй субъективдүү бир түшүнүк экендиги, б.а. адамдардын мээсинде бир кабылдоо катары пайда болоору белгилүү болду. Чынында сырткы дүйнөдө жарык жок. Чырактарыбыз да, машина фаралары да, эң чоң жарык булагыбыз болгон күн да чынында жарык чыгарбайт.

Күн менен башка «жарык булактары» ар түрдүү толкун узундуктарында ар түрдүү электромагниттик бөлүкчөлөрдү чыгарат. Бул бөлүкчөлөр түзүлүшүнө жараша ар кандай таасирлерди пайда кылат. Бул таасирлер бөлүкчөнүн көлөмүнө, салмагына, ылдамдыгына, жыштыгына жараша өзгөрөт.

Мисалы, көптөгөн радиоактивдүү бөлүкчө денебиздин ичинен өтүп кетет. Аларды коргошун катмар гана токтото алат. Бул бөлүкчөлөрдүн кээ бирлери ушунчалык оор жана энергия алып жүргөндүктөн, көбүнчө сүзгөн молекуланы талкалап жолунан көп кыйшайбастан жолун улантышат. Бул радиациянын ракка жол ачышынын түбүндөгү себеп. Алсызыраак бир радиация түрү болгон рентген жарыктарынан пайдалануу менен рентген машиналары өндүрүлгөн. Бул машиналар жасаган жумуш радио толкундар пайда кылган таасирди «көзгө көрүнчү жарыкка» айлантуу, б.а. көзүбүз кабыл ала турган абалга келтирүү.

Радио толкундар курамында бөлүкчө болбогондуктан, сүзүшүү учурунда адамга зыян беришпейт. Бул толкундарды эч бир сезимибиз кабылдабайт, бирок үйүбүздөгү радиолор буларды кулактарыбыз уга турган үн толкундарына айлантат. Радиодо бир берүү жок кезде угулган чыжылдактар негизи күн менен бүт жылдыздар тарабынан аалам башталгандан бери жайылган космостук фон радиациясынын «үнү». Бул жерде «үн» деген сөз – бул толкундардын радиолорубуз тарабынан иштетилип, кулактарыбыз тарабынан угула турган абалга келтирилген соң мээбизде пайда болгон кабылдоо.

«Жарык» деп аталган кабылдоого булак болгон фотондор болсо бир топ жеңил бөлүкчөлөр жана көбүнчө биринчи сүзгөн атомдон чакышат. Болгондо да, сүзгөн жерине көп да зыян беришпейт. Жыштыктары, б.а. титирөө ылдамдыктары себебинен көбүрөөк энергия алып жүргөн ультра-кырмызы нурлар терибизден өтүшү мүмкүн жана кээде генетикалык кодубузда бузулууларга себеп болушу мүмкүн. Белгилүү сааттарда күн нурунун астында көпкө туруунун ракка себеп болушу ушул себептен.

Жыштыктарынан улам инфракызыл деп аталган фотондор болсо сүзгөн жерине энергияларынын бир бөлүгүн ташташат жана ал жердеги атомдордун титирөө ылдамдыгын, б.а. температурасын жогорулатышат. Бул жагынан инфракызыл нурлар жылуулук нурлары деп да аталышат. Чокко айланган бир көмүр меши жана бир электрдик меш көп санда инфракызыл нур чыгарат. Бул нурлар терибиз тарабынан ысыктык сезими катары кабылданат.

Кээ бир фотондордун жыштыгы мына ушул ультра-кырмызы менен инфракызыл нурлардын арасында калган. Булар көзүбүздүн артындагы торчо катмарына түшкөндө ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айлантылат. Биз болсо чынында бир бөлүкчө гана болгон фотондорду «жарык» катары кабылдайбыз. Эгер көзүбүздөгү клеткалар фотондорду «жылуулук бөлүкчөлөрү» катары кабылдаганда, анда биз үчүн жарык, түс жана караңгылык деп аталган түшүнүктөр эч качан болмок эмес, заттарды караганыбызда алардын «ысык» же «муздактыгын» гана сезмекпиз.

 

Көргөн көз эмес

Бул жерге чейин радиация түрлөрү жөнүндө мындай илимий түшүндүрмөлөр жасашыбыздын себеби – булардын «жарык» деп аталган бир таасир пайда кылбашын түшүнүү үчүн эле. Бул радиоактивдүү бөлүкчөлөр кыймылдашат, сүзүшөт, чакышат, кээде сындырып же бузушат, физикалык жана химиялык таасирлерди пайда кылышат. Бирок алар пайда кылган таасирлердин эч бирин жарык деп атоого болбойт.

Биз бул бөлүкчөлөрдүн кээ бирлерин «жарык нурлары» деп аташыбыздын жалгыз себеби – булардын көзүбүз тарабынан кабылданышы. Көзүбүздүн артындагы торчо катмарына түшкөн фотондор ал жердеги кабылдоо клеткалары тарабынан электрдик зарядга айлантылат. Бул электр заряды нервдер тарабынан мээдеги көрүү борборуна алып барылат. Мээдеги көрүү борбору бул электрдик заряддарды жоромолдоп бир сүрөттөлүш пайда кылат.

Бул системаны караганыбызда кызыктуу бир жыйынтыкка барабыз: негизи көзүбүздүн «көрүү» өзгөчөлүгү жок. Көз фотондорду электрдик зарядга айлантуучу бир ортоңку элемент гана. Көрүү жөндөмү жок. Бизди курчап турат деп ойлогон жаркыраган дүйнөнү көз көрбөйт. Жарык же түс сезими көздөй пайда болбойт.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн көрүү процессин илимий жактан тереңирээк карайлы.

Биз ар бир жыштыктагы (толкундагы) фотондорго бир түс аталышын беребиз. Фотондун толкун узундугуна жараша кызыл, көк же сары дейбиз. Бүт жыштыктардын биригиши ак түстү пайда кылат. Кагаз ак, себеби бүт жыштыкты чагылтат жана булардын биригиши акты түзөт. Жалбырак жашыл, себеби жашыл түс сезимин берген жыштыктагы фотондорду гана чагылтат, калганын сиңирет. Айнек тунук, себеби фотондор дээрлик эч кандай тоскоолдуксуз айнектин ичинен өтүп, бизге жете алышат. Кара бир кездеме бүт фотондорду сиңирип алгандыктан, артка эч нерсе чагылбайт. Б.а. ал жерден көзүбүзгө фотондор келбейт, биз болсо аны караңгылык, б.а. кара деп кабылдайбыз. Күзгү сүрөттөлүштү копиялайт, себеби чагылтуу бети жылмакай жана келген нурлар сүзүп чакыганда бир-бирине болгон параллелдүүлүгү дээрлик эч бузулбайт.

Бул маалыматтар жарык, караңгылык, жашыл, тунук сыяктуу түшүнүктөрдүн мээде пайда болгон кабылдоодон гана турган, салыштырмалуу түшүнүктөр экенин көрсөтүүдө. Чынында сырткы дүйнөдө жарык да, түс да жок. Биз ошондой жоромолдогон радиация түрлөрү гана бар. Жоромол толугу менен бизге тиешелүү. Көздөгү бир жаңылыштык же түзүлүштөгү бир айырмачылык келген фотондорду башкача электрдик сигналдарга айлантып, мээдеги көрүү борбору бирдей өзгөчөлүктө болсо да, көз тарабынан айландырылган сигналдар бир эле нерсенин такыр башка башка кабылданышына себеп болот. Түс көрлөрү (дальтоник) менен кадимки адамдардын белгилүү түстөрдү ар башка кабылдашынын жана жоромолдошунун себеби ушунда.

Кыскасы, биз жарык же түс катары жоромолдогон фотон кыймылдары чымкый караңгы бир дүйнөдө ишке ашкан физикалык окуялар гана. Көз да кошо, бүт денебиз жана үч өлчөмдүү, түркүн түстүү болуп көрүнгөн, кээ бир адамдар сөзсүз бар деп санаган бүт материалдык аалам ушул караңгылыктын ичинде орун алган.

 

Сырткы дүйнө менен сиздин араңыздагы үч баскычтуу дубал

Көңүл бурулган болсо, илим тапкан бул жыйынтыктар бизге абдан маанилүү бир чындыкты көрсөтүүдө: биз сырткы дүйнөдөгү заттын өзүн эч качан көрүп, сезе албайбыз.

Мисалы, көрүп жаткан телевизорубуздун өзүн эч качан көрө албайбыз. Бизге бул телевизордон чыгып келген же аны сүзүп чагылган фотондор гана жетет. Булар жарык эмес, бөлүкчөлөр. Бир дубалды сүзгөн теннис тобунун артка чакышы жана биздин ушул топту гана көрүшүбүз сыяктуу бир жагдай, бул. Ушул баскычта эле телевизордун өзүнөн бир баскыч айрылган болобуз. Фотондор көзүбүзгө келип торчо клеткаларын сүзгөндө болсо, ал жердеги энзимдер тарабынан электр энергиясына айлантылышат. Б.а. телевизордун өзүнөн дагы бир баскыч (экинчи баскыч) айрылабыз. Бул электр энергиясы нервдер тарабынан мээбиздеги сүрөттөлүш (көрүү) борборуна жеткирилгенде, дагы бир жолу өзгөрүүгө дуушар болот жана биз «сүрөттөлүш» деп атаган формага келет. Бул үчүнчү баскыч. Бир баскыч да «чыныгы телевизор» менен биздин арабызды бөлүүгө жетиштүү, бирок бул толук үч баскычта, үч жолу болот.

Бир мисал берсек, бул бир-биринин арасында эшиктер бар, 3 бөлмөнүн ичиндеги 3 киши менен бузук телефон оюнун ойноого окшошот. Сиздин кулагыңызга шыбыралган сүйлөмдү чындап биринчи киши айтты болду бекен, же экинчи же үчүнчү киши муну өзгөртүп жеткирди бекен; үчүнчү киши муну бүтүндөй өз оюнан чыгарды бекен; буларды эч анык биле албайсыз. Биринчи менен экинчи кишинин чынында эмне айтканын да так биле албайсыз.

Муну мындан да жакшыраак түшүндүргөн башка бир мисалды карайлы: сизди бир эксперимент үчүн 1 жылга сырткы дүйнөгө бүтүндөй жабык бир жер төлөдөгү бөлмөгө камашты дейли. Сырткы дүйнө менен алдыңыздагы бир телевизор экраны аркылуу гана байланыш курасыз дейли. Бөлмөгө кирип телевизорду күйгүзгөндө, мындай бир текстти көрдүңүз: «бул экранда сиз көрө турган сүрөттөлүштөр Африка материгине жайгаштырылган камералардан түз алып берилүүдө. Бул камералар алган сүрөттөлүштөр түз эфирде спутниктерге берилип, спутниктерден бул бөлмөнүн үстүндөгү антендерге жөнөтүлүп, ал жерден сиздин экраныңызга берилүүдө».

Бул тексттин туура же туура эмес экенин эч качан так биле албайсыз, себеби сүрөттөлүш берилген ар баскычта сүрөттөлүштүн жасалма бир булактан келиши ыктымал. Африка материгинде тартып жатат деп айтылган камералар чынында көп жылдар мурда тартылган бир видео-кассетаны көрсөтүп, спутник аркылуу бул кассета сизге келип жаткан болушу мүмкүн. Ал тургай, эч кандай камера жана спутник жок туруп эле, сизге жаныңыздагы бөлмөдөгү бир видеомагнитофондон кассета көрсөтүлүп жаткан болушу мүмкүн. Африка материгине өзүңүз бармайынча муну так биле албайсыз. Бирок бөлмөдөн чыга албайсыз, демек Африкага барып окуялардын «өзүн» да эч көрө албайсыз.

Ошого карабастан, бул бөлмөгө кирээрден мурда тышкы дүйнө жөнүндө билген маалыматтарыңыз менен бул бөлмөдөн белгилүү убактан соң кайра чыгаарыңызды билишиңиз сизге экранда көргөндөрүм чындык деген пикир бериши мүмкүн. Бирок эгер бул бөлмө сиз туулгандан бери өмүрүңүздү өткөрүп келе жаткан жер болсочу? Өмүр бою бул бөлмөдөн эч чыкпасаңызчы? Өмүр бою «сырткы дүйнө» катары алдыңыздагы экранды гана көрүп жатсаңызчы? Анда бул экранда көрүп жаткан нерселериңиздин «өзүн көрүп жатканыңызга» эч кандай далил калбайт. Себеби экрандагы сүрөттөлүштөрдү гана көрүп жатасыз.

Көрүү сезими жөнүндөгү мындай чындыктар угуу, тийүү, даам жана жыт кабылдоолоруна да тиешелүү. Булардын баарын мээбиздеги жабык бөлмөлөрдүн (угуу, тийүү, даам жана жыт борборлорунун) ичинде сезебиз. Булардын сырткы дүйнөдөгү өзүнө (оригиналына) эч качан жете албайбыз. Биз уккан бир радионун үнү мээбиздеги угуу борборунун ичинде. Сыртта эч кандай үн жок, «үн толкуну» деп аталган физикалык кыймылдар гана бар. Бул физикалык кыймылдар ар кандай баскычтардан өткөн соң бизге электрдик сигнал абалында келет. Биз электрдик сигнал катары сезген үндүн сыртта оригиналынын бар же жок экенин эч качан биле албайбыз. Жогорудагы жабык бөлмө мисалын эстесек, бизге «Африка токойлорундагы арстандардын күркүрөшү» катары угулган үндөр чынында биз турган жабык бөлмөнүн жакын жериндеги бир бөлмөдө жасалган жасалма үндөр болушу мүмкүн.

 

Өз денебиз жана түштөрүбүз

Бул жерге чейин муну жакшыраак түшүнүү үчүн башка нерселерден мисалдар келтирдик. Бир телевизордун өзүн көрө албайбыз, бир радионун өзүн уга албайбыз. Бүт сүрөттөлүштөр, үндөр, жыттар жана даамдар мээбиздеги тиешелүү борборлордун ичинде пайда болгон түшүнүктөр. Сыртыбыздагы бир дүйнөнүн ичинде эмес, ичибиздеги бир дүйнөдө жашайбыз.

Адамдардын бул ачык чындыкты түшүнүүдө кыйналышынын бир себеби – бул өз денесин көрүп жаңылышы. Төмөн караганда көзүнө көрүнгөн дене жана бул дененин бүт тарабынан аларга жеткен тийүү сезимдери алардын дүйнөнү туура эмес кабылдашына жол ачат. Бул дене себептүү, алар бир «сырткы дүйнөнүн» ичинде жашап жатабыз деген сезимде болушат.

Бирок, башка нерселер сыяктуу, ал дененин да мээбиздеги көрүнүшүн көрөбүз. Денебизге тиешелүү бүт маалыматтар, б.а. денебиздин көрүнүшү жана мээбизге жеткен тийүү сезимдери мээбиздин тиешелүү сезүү борборлорунан.

Түшүбүздү эстесек, муну жакшыраак түшүнө алабыз. Түшүңүздө өзүңүздү бүтүндөй элес дүйнөлөр ичинде көрөсүз. Айланаңыздагы буюмдар менен адамдар эч чындык эмес. Сиз үстүндө баскан топурак, үстүңүздөгү асман, айланаңыздагы үйлөр, дарактар, машиналар жана башка бардык нерселер толугу менен элес; заттык бир чындыгы жок. Жана баары сиздин мээңиздин ичинде. Мээңизде, т.а. аң-сезимиңизде бар жана андан башка жерде жок.

Көңүл бурган болсоңуз, бул түшүңүздө көргөн өз денеңизге да тиешелүү. Түшүңүздө да, азыркыдай, төмөн көздөй караганыңызда колу-буту бар, баскан, дем алган, тийүү сезимдери бар бир дене көрөсүз. Бул дене түштөн тышкаркы чыныгы жашоодо көргөн денеңизден бир топ башкача да болушу мүмкүн. Балким өзүңүздү үч колдуу, төрт буттуу кызыктай бир жаныбар сымал да көрүшүңүз ыктымал. Бул үч колдун үчүнөн да тийүү сезимин сезишиңиз мүмкүн. Башка бир түштө болсо өзүңүздү канаттары бар уча алган бир жандыктай көрүп, бул канаттар абдан чыныгыдай сезилиши мүмкүн. Бир түштө көрүлүшү мүмкүн болгон бул виртуалдык денелердин баары аң-сезимиңизде гана орун алган, бирок аң-сезимиңиздин сыртындадай сезилген сезимдер гана.

Түш мисалы бизге төмөнкүнү көрсөтөт: денебизди абдан чындыктай сезишибиз чынында физикалык (заттык) мааниде мындай бир денеге ээбиз дегенди билдирбейт. Эч кандай заттык дене жок туруп эле, бүтүндөй аң-сезимибиздин ичиндеги сезилген денени «денебиздей» көрүп, сезе алабыз.

Түш менен «чыныгы жашоонун» кандай айырмасы бар? Түштөрдүн чыныгы жашоо деп аталган сезимдерге караганда үзгүлтүктүү, логикасыз жана тартипсиз экени чындык. Бирок мындан башка, илимий жактан, түш менен «чыныгы жашоо» арасында айырма жок. Себеби экөөсү тең мээнин ичиндеги кабылдоо борборлорунун стимулданышы аркылуу пайда болот.

Жогоруда, биз «чыныгы жашоо» деп атаган сезимдердин көрүү борбору, угуу борбору сыяктуу мээ бөлүктөрүндө сезилээрин карадык. Бир энциклопедиялык булакта түштүн да дал ушундай сезилээри баяндалат:

Түш көрүү – башка бардык мээ процесстери сыяктуу, мээ менен анын кыймыл-аракеттеринин бир натыйжасы. Бир адам ойгоо болсун же уйкуда болсун, мээ дайыма электрдик толкундарды өндүрөт. Илимпоздор бул толкундарды «электроэнцефалография» деп аталган бир каражат менен ченешет. Уйкунун көп бөлүгүндө мээ толкундары кенен жана жай. Бирок кээ бир учурларда кичинерээк жана ылдам болуп калышат, көздөр түш көрүп жаткан киши бир окуя тизмегин көрүп жаткансып, абдан бат кыймылдап баштайт. Уйкунун REM (Rapid Eye Movement-Ылдам көз кыймылы) деп аталган бул бөлүгү түштөрдүн көп бөлүгүн түзөт. Эгер адам REM учурунда ойготулса, көргөн түшүнүн детальдарын чоң ыктымалдык менен эстейт... REM уйкусу учурунда мээден булчуңдарга сигнал жөнөтүүчү нерв жолдору тосулат. Ошондуктан түш көрүү учурунда дене кыймылдабайт. Ошондой эле, мээ кыртышы (мээнин жогорку аң-сезимдик функциялары менен байланыштуу бөлүгү) REM учурунда, түш көрбөгөн учурларга салыштырмалуу, активдүүрөөк. Кабык (кыртыш) мээнин «мээ системасы» деп аталган бөлүгүнөн келген нейрондор (нерв клеткалары) ташыган импульстар (сигналдар) тарабынан кыймылдатылат. (World Book Multimedia Encyclopedia, "Dream", World Book Inc., 1998)

Б.а. түш – бул мээбиздин тиешелүү борборлоруна келген импульстардын (сигналдардын) жоромолдонушу натыйжасында пайда болгон бир сезимдер (кабылдоолор) жыйындысы.

Көңүл бурган болсоңуз, биз «чыныгы жашоо» деп атаган жашоо да дал ушундай пайда болот: мээбиздин тиешелүү борборлоруна келген сигналдар бул борборлордо жоромолдонот жана биз бул сезимдер жыйындысын «сырткы дүйнө» катары кабылдайбыз.

Бул жерде эң негизги суроо – бул кабылдоолордун булагы эмне деген суроо. Көнгөн адаттарыбыз бизди дайыма «өзүн» көрөбүз дегенге ишендирген. Чынында болсо сыртта зат бар, бирок биз ал заттын өзүн эч качан биле албайбыз.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн түш жөнүндө ойубузду уланталы. Түш көргөн адамга мындай суроо узаталы: «көргөн кабылдоолоруңдун булагы эмне?» Бул суроого ал «сырткы дүйнөдөгү заттар жана буларды кабылдаган денем» деп жооп берет болуш керек. Бирок сырткы дүйнө да, бул дүйнөнү кабылдаган бир дене да жок. Көргөн нерселеринин баары – мээдеги тиешелүү борборлор тарабынан кабылданган сигналдар гана.

Биздин да көргөн, уккан, тийген (кармаган), даамын жана жытын сезген нерселерибиздин баары мээбиздеги тиешелүү борборлор тарабынан кабылданган сигналдардан гана тураарын эске алсак, демек «сырткы дүйнөнүн өзүн көрүп, сезип жатабыз» деп кантип ишенимдүүлүк менен айта алабыз?

«Мен ишенимдүүлүк менен муну айта алам» деген адам ошол эле учурда өзүнүн «мунаранын чокусундагы кичинекей адам» экенин да айткан болот.

Себебин эмки бөлүмдө карайлы.

МУНАРАНЫН ЧОКУСУНДАГЫ КИЧИНЕКЕЙ АДАМ

 

Мурдакы бөлүмдө карагандарыбызды кыскача эстейли: биз көргөн, уккан, тийген жана «зат» деп атаган нерселердин өзүн эч качан биле албайбыз. Биз негизи мээбиздеги кабылдоолорду көрүп, сезебиз. Эч качан мээбизден сыртка чыгып, көргөн, уккан, тийгендерибиздин өзүн көрүп сезе албайбыз, булардын оригиналдарынын кандай экенин башкара албайбыз. Түш менен чыныгы жашоо арасында илимий жактан бир айырма жок, экөөсүн тең мээбизде көрөбүз. Биз абдан чоң деп элестеткен дүйнө - чынында мээбиздин ичине батырылган бир кабылдоолор жыйындысы. Бизден миллиарддаган километр алыста деп ойлогон ири галактикалар – мээбиздеги көрүү борборунда жайгашкан, т.а. бизден «алыста» эмес, тескерисинче «ичибизде» болгон сезимдер (кабылдоолор).

Бул адамдардын көпчүлүгү, балким дээрлик баары билбеген абдан улуу бир чындык. Бирок башкалардын бул чындыктан кабарсыз болушу биз үчүн бир шылтоо боло албайт. Себеби бул «башкаларды» да мээбиздин ичинде көрөбүз. Бир сүрөттөлүштү көрүп жатабыз жана көргөндөрүбүздү түшүнүүдөн биз жооптуубуз. Көргөн адамдарыбыздын баары бизге «бул дүйнөнүн өзүн көрүп жатасыз, копиясын эмес» десе да, бул эч нерсени өзгөртпөйт. Түшүңүздө да миңдеген адамдын бир ооздон «бул бир түш эмес, чындык» дегенине күбө болушуңуз мүмкүн. Бирок бир аздан соң түш бүтөт жана бул адамдар бир заматта жоголушат. Себеби алар элес катары гана болуп, чынында бар эмес эле. Чыныгы жашоо да бир күнү –өлүм менен бирге- ушундайча бүтөт жана биз көргөн нерселердин баары (бизге «бул дүйнөнүн өзү» деген адамдар да кошо) жок болуп кетишет, алардын ордуна жапжаңы бир ааламга туш болобуз. Бул акырет ааламы. Аллах дүйнөдөгү көлөкө заттарды өздөрүнүн жашоо максаты кылып алган же алардан бир нерсе үмүт кылган жана ушундайча аларды путташтырган (ыйык туткан, кудай кылып алган) адамдардын өлүм учурундагы абалын Куранда баяндап жатып, бул чындыкты мындайча түшүндүрөт:

 

... Аягында элчилерибиз аларга жанын алуу үчүн келгенде, аларга: «Аллахтан башка сыйынгандарыңар кайда?» дешет. «Алар бизди таштап-жоголушту» дешет. (Ошентип) Алар чындап каапыр экенине өз зыяндарына күбөлүк беришти. (Аьраф Сүрөсү, 37)

 

Бул жерде түшүндүрүлгөн чындыкка материалисттер каршы чыгышат. Б.а. зат абсолюттук нерсе жана адам аң-сезими да заттын бир натыйжасы деген жаңылыштыкка ишенгендер. Материалисттер көбүнчө бул жерде түшүндүрүлгөн чындык, б.а. заттын өзүнө эч качан жете албашыбыз тууралуу чындык жөнүндө ойлонууну жана талкуу кылууну каалашпайт. Ал тургай, көбүнчө буга ачууланышат. Зат деп аталган түшүнүктүн чынында мээбиздеги сезим абалын билээрибиз 18-кылымда атактуу англиялык ойчул жана поп Жорж Беркли тарабынан системалуу, кенен түшүндүрүлгөндө, материалисттер ачуулуу реакция көрсөтүшкөн. Ошол доордо жашаган материалист ойчул Самуэль Жонсон бир ташты бир тээп, «мына Берклини жыктым» деп кыйкырган. Бирок Жонсондун –жана кийинки ушуга окшогон жоопторду берген башка материалисттердин- мындай примитивдик реакциясы алардын бул теманы түшүнүүдөн канчалык алыс экенин көрсөтүүдө. Себеби ташты тебиши да, дубалдарды ургулашы да заттын өзүн көрүп, сезип жатканына бир далил болбойт. Ошол учурда жасаган жана сезгендеринин баары сезим (кабылдоо) катары мээлеринин ичинде. Ташты тепкен да мээсинин ичиндеги ташты тебүүдө, дубалды ургулаган да мээсинин ичиндеги дубал сүрөттөлүшүн ургулоодо. Түштөрүндө да алар таштарды ушундай реалдуу тепкилеши мүмкүн, бирок таштын мээлериндеги бир кабылдоо гана экенин кабыл алышат.

Материалисттердин буга каршы чыгышынын негизинде муну түшүнө албашы турат. Заттын абсолюттук нерсе экенине өздөрүн догматикалык түрдө ишендирип алышкан жана бул жөнүндө ойлонуудан абдан качынышат. Биз аларды бир аз чын көңүлдөн ойлонууга чакырабыз. Жана ойлонгулары келбеген бир чындыкты алар үчүн ойлонуп түшүндүрөбүз:

Бул чындык мындай: эгер алар заттын өзүн көрүп сезип жатканын кабыл алышса, анда өздөрүн «мунаранын чокусундагы кичинекей адам» катары кабыл алышы керек.

 

Мунара жана чокудагы жабык бөлмө

Бул китептин атын да түзгөн бул мунара сөзү теманы жакшыраак түшүндүрүү үчүн колдонулган бир мисал.

Анын мааниси мындай: эгер ушул учурда мээңиздин ичиндеги дүйнө көрүнүшүнүн жана өз денеңизге тиешелүү сүрөттөлүштүн сырттагы оригиналын көрүп жатам десеңиз, анда бүт бул сүрөттөлүштөрдү башынын ичинде көтөрүп жүргөн чоң бир дененин бар экенин да кабыл алышыңыз керек болот. Бул учурда сиз бүт нерсени мээңизде кабылдап жатканыңыз үчүн чоң бир мунаранын чокусундагы кичинекей бир бөлмөгө камалган кичинекей бир адам болосуз.

Мындай жыйынтыкка кантип жетээрибизди баскыч баскыч карайлы:

1) Азыр айланаңызды карасаңыз көп нерселерди көрөсүз. Дубалдар, буюмдар, асман, үйлөр, адамдар, машиналар жана ошондой эле өз денеңиз. Бүт бул буюмдардын баары, денеңиз да кошо, бир жерде.

2) Бул жер кайсы жер болду экен? Мурдакы беттерде айтылгандарды эстесеңиз, бул жердин башка бир жер эмес, түздөн-түз сиздин мээңиздин ичиндеги көрүү борбору экенин байкай аласыз. Б.а. өз денеңиз да кошо, сиз көргөн бүт дүйнө башыңыздын ичинде, мээңиздин арткы тарабынан орун алган бир канча см3 көлөмүндөгү бир жерде. Азыр башыңыздын ичиндеги ушул жердеги китепти карап жатасыз. Китепти колуңуз менен барактап жатканда көргөн жана сезген колдоруңуз мээңиздин көрүү жана тийүү борборлорунда орун алган. Денеңиздин бүт органдары бир жерде; башыңыздын ичинде. Бул китепти окуп жатканда отурган креслоңуз, кресло турган бөлмө да ошол эле жерде.

3) Кабылдоосун көрүп жаткан жана башыңыздын ичиндеги бул денеден тышкары, сырттагы денеңиздин өзүн көрүп жатам деп ишенесизби? Эгер мындай денени көрүп жатам деп ишенсеңиз, анда билип коюңуз, аны ушул күнгө чейин эч көргөн эмессиз. Кандай экени жөнүндө эч кандай так маалыматка ээ эмессиз. Ал дененин кандай экени жөнүндө гипотеза гана жасай аласыз.

4) Эгер дененин өзүн көрүп жатам деп ишенсеңиз, анда анын азыр көргөн денеңиздин сыртында орун алган дөө экенин кабыл алышыңыз керек. Сиз жана көргөндөрүңүздүн баары бул дөөнүн башындагы көрүү борборунан орун алганына караганда, анын заттык денеси өтө чоң болушу зарыл. Азыр сиз турган жердин ылдый жагында далылары, колдору, курсагы, сандары жана буттары жайгашышы керек. (Эгер ал дагы сиз сыяктуу эки колдуу, эки буттуу бир адам болсо.)

5) Анда, сиз бир дөөнүн башында жашаган бир миниатюралык адам болосуз. Б.а. дөө бир мунаранын чокусундагы кулптанган бир бөлмөдө жашаган, бул бөлмөдөн эч качан чыга албаган, алдына коюлган экранды гана караган, камалган бир адам болосуз. Мунара – сиз өзүн көрүп жатам деген денеңиз, сиз көргөн дене болсо мунаранын чокусунда камалган кичинекей адам.

Бул дөө мунараны (б.а. сиз өзүн көрүп жатам деген денеңизди) эч качан көрө албайсыз. Себеби мунаранын чокусундагы кичинекей караңгы бөлмөгө кулптангансыз. Өмүр бою ал бөлмөдөн чыга албайсыз. Ошол караңгы бөлмөнүн дубалдарына чагылтылган сүрөттөлүштөрдү көрөсүз. Бул сүрөттөлүштөрдөгү кээ бир нерселер (мисалы жылдыздар) сизге балким миллиондогон километр алыстадай сезилиши ыктымал. Бирок чынында дайыма ошол кичинекей бөлмөнүн ичинде чыгаарсыз.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн телевизорлордо көп кездешчү фантастикалык мультфильмдерден да бир мисал берүүгө болот. Бул мультфильмдердин кээ бирлеринде дөө бир дене башындагы башкаруу борборунда отурган бир адам тарабынан башкарылат. Мисалы, «Voltran» аттуу белгилүү мультфильмде дөө роботтор баш тарабындагы борбордо отурган бир адам тарабынан башкарылышат. Дөө робот бул адамдын буйругуна жараша кыймылдайт. Адам – дөө бир мунарадай чоң роботтун ичинде отурган кичинекей бир дене.

Эгер азыр көрүп, сезип жаткан денеңиздин өзүн көрүп жатам деп ишенсеңиз, анда ушундай бир системаны кабыл алышыңыз керек. Башкача айтканда, «бир мунаранын чокусундагы бөлмөдө отурган кичинекей адам» же «дөө бир роботтун чокусунда отурган кичинекей адам» экениңизди кабыл алышыңыз керек.

Эгер азыр көрүп, сезип жаткан денеңиздин бою болжол менен 1,80 метрдей деп ойлосоңуз, анда салыштырма жасаганда, сырттагы өзүн көрүп жатам деген дененин бир канча см3 көлөмүндөгү кабылдоо борборлоруна салыштырмалуу бир дөөгө айланышын да кабыл алышыңыз керек. Эгер денеңиз бир мунара, буларды кабылдаган «мен» ал мунаранын чокусундагы клеткада жашаган бир адам деп кабыл алынса, анда бул мунаранын бою жүздөгөн метр болушу зарыл. Эгер «мен» деген дене көрүнүшүңүз 1,80 метр болсо, анда өзүн көрүп жатам деп кабыл алган денеңиз жүздөгөн метр болушу керек.

Муну мындай бир мисал менен да түшүндүрүүгө болот: мээсинде көргөн машинанын сырттагы оригиналын көрүп жатам деп ойлогон адам төмөнкүлөрдү ойлошу керек.

-Машинага тиешелүү сүрөттөлүш адамдын мээсиндеги көрүү борборунда пайда болот. Көрүү борбору болсо жалпысы бир канча см3 көлөмүндөгү бир жер. Эгер бул жерге бир канча метр көлөмүндөгү бир машина сүрөттөлүшү батып жатса, анда бул жер дагы эң аз ошончо чоңдукта болушу керек.

-Эгер бул жер бир канча метр кеңдикте болсо, анда адам мээси да ушуга жараша абдан чоң көлөмдө болушу зарыл.

-Эгер адам мээси мынчалык кенен бир жерди ээлесе, анда адам денеси да мээсинин көлөмүнө жараша километрлеген узундукта болушу керек.

Бул жерде бир машинаны көргөн адам жөнүндө гана сөз болду. Муну километрлерге созулган бир өрөөндү караган адам үчүн элестетели. Эгер өрөөндүн өзүн көрүп жатам десе, анда бул адамдын көрүү борбору да ошол сыяктуу эң аз километрлеген квадраттык бир аянтты ээлеши зарыл. Анда адамдын мээси, ички органдары, колдору, буттары да ушуга жараша өтө зор бир чоңдукка жетиши керек.

Бул мүмкүн эмес, демек сыртта бир канча метрлик бир машина же километрлеген квадрат аянтты ээлеген бир өрөөн бар деп айтуу жана адам булардын оригиналдарын көрүп жатат деп айтуу такыр логикасыздык эмеспи?

МУНАРАГА ИШЕНҮҮНҮН ЛОГИКАСЫЗДЫГЫ

 

Мунарадагы кичинекей адам биздин пикирибиз эмес. Материалисттердин пикиринин табигый бир натыйжасы. «Зат абсолюттук нерсе» деген жаңылыш пикирди өжөрдүк менен жактаган, биз заттын сыртта бар болгон өзүн (оригиналын) көрүп, сезип жатабыз деген бир материалист бул кызыктай жыйынтыкты жактоого мажбур. Себеби көргөн жана сезген денесинен тышкары, бул денени жана ал турган аймакты чокусунда алып жүргөн башка бир дененин да бар экенин айтууда.

Муну тереңирээк караган сайын, материалисттик пикирдин канчалык тантык бир ойду айтып жатканы апачык көрүнөт.

Негизи материалисттер өздөрүн да чочута турган бир жандыкты адам катары сүрөттөшүүдө. Бул үркүтүүчү көрүнүштү тереңирээк карайлы: материалист бүт ааламды башынын ичинде кичинекей бир жерде көтөрүп жүргөн, аны менен жакын алектенген дөө бирөөнү сүрөттөөдө. Күн, ай, жылдыздар жана бүт жарык булактары мээсинин ичинде болгондуктан, бул дөө мажбурлуу түрдө караңгы жерде жүрөт. Бул дөөнүн буттары менен колдору –биздин чен-өлчөмдөрүбүзгө салыштырмалуу- жүздөгөн метр узундукта. Б.а. материалист «чымкый караңгыда, мээсинин ичинде көтөрүп жүргөн аалам менен бирге басып жүргөн, каерге барганын эч ким билбеген чоң бир дөө – бул адам» деген жыйынтыкка барат.

Бирок көңүл бурулган болсо, бул дөө адамдын бар экенине ишенүү материалисттик философиянын гана бир зарылчылыгы. Себеби биз көргөн жана тийген денебиздин өзүн көрүп, сезип жатканыбызга ишенүү үчүн башка эч кандай себеп жок. Мындай нерсеге эмне үчүн ишенишибиз керек? Мунун чындык экенине эч кандай далил жок турганда; эч ким мындай бир денени көрбөсө, укпаса, ага тийбесе, ал жасаган кандайдыр бир нерсенин изин көрбөсө, эмне үчүн андай кызыктай бир дөө адам бар экенин кабыл алалы?

Материалисттик философияны сокурдук менен кабыл алуудан тышкары, мындай кыялдагы бир заттык (материалдык) адамдын бар экенине ишенүү үчүн эч себеп жок.

 

Сезим жана элес даражасында жаратылган зат

Бул бизди абдан маанилүү бир чындыкка алып барат: биз көргөн, сезген дүйнө бир кабылдоолор дүйнөсү болгондуктан, бул кабылдоолордун баарын чексиз илим, акыл жана күчкө ээ бир Жаратуучу жаратууда жана бизге көрсөтүүдө. Ал Жаратуучу – Куранда айтылгандай, «ааламдардын Рабби» Улуу Аллах.

Бул улуу чындыктын андан да тагыраак мааниси мындай: бүт нерселерди Аллах жоктон жараткан. Бирок бүт нерселер Ислам аалымдарынын айтышы боюнча, «сезим жана элес» даражасында, б.а. бир кабылдоо (сезим) катары жаратылышкан. Аллах адамга Өз рухунан үйлөгөндүктөн, адам бул кабылдоолордун кээ бирлерин кабылдайт жана буларды «дүйнө, аалам, зат, буюм» сыяктуу аттар менен атайт. Бул аттарды да адамга Аллах үйрөткөн. Аллах жараткан бул кабылдоолордун баары Ага толук моюн сунган жана Анын каалоосу менен кыймылдайт. Жаратылган нерселердин Аллахтан көз-карандысыз бир заты жок. Аллах гана акыйкат, башкалардын баары Ал сезим даражасында жараткан элестер.

Ислам тарыхынын эң чоң аалымдарынын бири катары кабыл алынган Имам Раббани Mektubat (Мектубат) аттуу эмгегинде муну мындайча түшүндүргөн:

Аллах эле бар эле, башка нерсе жок эле.

Жашыруун кемчиликсиздигинин ачыкка чыгышын каалады; ысымдарынын ар бирине бир мазхар (көрүнүү жери) талап кылды. Ал мазхарга кемчиликсиздигин көрсөтүү үчүн. Анын вүжуд мазхарийетин жана тевабиини болсо адемден (жоктуктан) башка нерсе кабыл албады. Себеби... вүжуддун (бар болуунун) теңдеши жана тескериси адем (жоктук) гана.

Маани ушундай болгондуктан, Сүбхан Хак кемчиликсиз кудурети менен адем (жоктук) ааламында ысымдардын ар бири үчүн мазхарлардан бир мазхар дайындады. Жана аны сезим жана элес даражасында жаратты. Каалаган убакытта жана каалаган абалда... Ааламдын сүбуту (туруктуулугу) сезим жана элес даражасында болуп, тышкы даражада эмес... Сыртта болсо улуу Важиб Заттын (Аллахтын) зат менен сыпаттарынан башкасы туруктуу жана бар болууга... (Mektubat-ı Rabbani, 470. Mektup, çev. Abdulkadir Akçiçek, Çile yayınevi, 1983, s. 517-18)

Имам Раббани башка бир мектубунда (катында) болсо бүт материалдык ааламдын элес даражасында гана жаратылганына дагы бир жолу басым жасайт:

Жогоруда мындай бир сүйлөм колдондум: «Сүбхан Хактын халкы (Аллахтын жаратышы) сезим жана элес даражасында.» Мунун мааниси мындай: «Аллах Таала буюмду ушундай бир даражада жараткан, ал даражада буюм үчүн сезим жана элестен башка бир жерде сүбут (туруктуулук) жана хусул (бар болуу) жок. (Mektubat-ı Rabbani, 357. Mektup, çev. Abdulkadir Akçiçek, Çile yayınevi, 1983, s. 163)

Көңүл бурулган болсо, Имам Раббани биз көргөн ааламдын, б.а. бүт нерсенин «элес даражасында», б.а. кабылдоо даражасында жаратылганына өзгөчө басым жасоодо. Бул элес даражасындагы ааламдын сыртында (сыртта) болсо Аллахтын Заты гана бар.

Көрүнүп тургандай, биз заманбап физика жана физиология аркылуу жеткен илимий чындыктар бизге Ислам илимдүүлөрү тарабынан кылымдар мурда кабар берилген бир чындыкты тастыктоодо: зат бир элес, акыйкат (чыныгы Зат) болсо затты жоктон жараткан Улуу Аллах.

 

Материализм: дүйнө жашоосунун чындык деп кабыл алынган сырттан жоромолу

Бул жерде айтылган чындык – адам түшүнгөндө, анын жашоого болгон көз-карашын тамырынан өзгөртө турган абдан улуу бир сыр.

Адамдардын көпчүлүгү бул сырдан кабарсыз жашашат. Көзгө көрүнгөн, кол менен кармалган жана «зат» деп аталган элестерди абсолюттук чындык деп ойлошот. Бул жаңылыштыкка түшкөн адамдардын эки көз-карашы бар:

1) Материализм: Затты абсолюттук чындык деп ойлогон адамдардын көпчүлүгү заттан башка эч нерсе жок деген жаңылыштыкты айтышат. Бул батыл (жалган) ишенимдин философиядагы аты материализм. Материалисттер Аллахты караңгылык менен жокко чыгарышат. Рухтун бар экенин жана өлүмдөн кийин жашоонун бар экенин да жокко чыгарышат.

2) Жарым материализм: Затты абсолюттук чындык деп ойлогон адамдардын кээ бирлери болсо заттан башка да бир нерселер бар экенине ишенет, бирок анткен менен зат «абсолюттук нерсе», башка нерселер ага караганда көбүрөөк салыштырмалуу деген күмөндө. Көп колдонулган «метафизика» (физика үстү) же «табият үстү» сыяктуу сөздөрдүн негизи ушуга таянат. Мындай ишенимдеги адамдар зат абсолюттук нерсе, Аллах болсо (Аллахты аруулайбыз) радио толкундар сыяктуу деп божомолдошот. Аллах «асманда» же ааламдын башка бир жеринде деген сыяктуу батыл (жалган) ишенимдер да ушунан келип чыккан.

Бул эки көз-караш тең чоң бир жаңылыштык жана дүйнөнүн чыныгы жүзүн түшүнө албоодон келип чыккан. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча кабар берет:

 

Ал каалаганына жардам берет. Ал күчтүү жана улуу, коргоочу. (Бул) Аллахтын убадасы; Аллах убадасынан кайтпайт. Бирок адамдардын көбү билишпейт. Алар дүйнө жашоосунун тыш тарабын билишет. Акыреттен болсо капылет калышкан. (Рум Сүрөсү, 5-7)

 

Аяттагы «тыш тарабы» сөзүнүн арапчасы «захир» сөзү. «Захир» сөзү «тышкы көрүнүш» маанисине келет. Мунун антоними болсо «батын» сөзү жана окуялардын сыртка көрүнбөгөн чыныгы жүзү, ички тарабы маанисине келет. Каапырлар дүйнөнүн захирин (тышкы көрүнүшүн) гана билишет. Ушул себептен, Аллахтын бар экенин, кудуретин, бүт нерселерди башкарып тураарын түшүнө алышпайт. Кээ бирлер Аллахты жокко чыгарып, материалист болот, кээ бирлер болсо Аллахтын бар экенине ишенет, бирок Анын кудуретин түшүнө албайт жана жарым материалист болот. Куранда Аллахтын бар экенине ишенген, бирок Анын чексиз кудуретин, бүт нерсени башкарып тураарын түшүнө албаган жана ушул себептен ар нерселерди Аллахка шерик кошкон адамдар жөнүндө көп айтылат.

Заттын мээбизде кабылдаган абалын гана билээрибизди түшүнгөн адам болсо бул жаңылыштыктардан бүтүндөй кутулат жана дүйнө жашоосун батынын (ички тарабын) билген болот.

Бул ички тараптын маанилүү бир жагы мейкиндик түшүнүгүн жок кылышы.

 

Мейкиндик түшүнүгүнүн жоголушу

Зат деп аталган бүт нерсенин (өз денебиз, айланабыздагы буюмдар, бутубуз койгон жер, күн, планеталар, жылдыздар ж.б.) негизи мээбизде кабылдаган абалын билебиз; түшүбүздөгү сыяктуу. Ошондуктан булардын чынында кандай экенин билбейбиз.

Бул чындыкты түшүнгөн адам көп адамдар кабылган жаңылыштыктардан кутулат. Бул жаңылыштыктардын башында мейкиндик түшүнүгүнө болгон ишенимден келип чыккан «Аллах каерде» суроосу турат. Адамдардын көпчүлүгү Аллахты (Аллахты аруулайбыз) алыста, асманда же ааламдын башка бир жеринде деп ойлошот. Бул сабатсыз ишеним Куранда Фараон кыссасында айтылат. Фараон чоң сабатсыздык менен «Египеттин Раббиси менмин» деп (Аллахты аруулайбыз), «Аллах асманда» деген. Муну кабар берген аяттар төмөнкүдөй:

 

Фараон (шылдың менен): «Эй Хаман, мага бийик бир мунара кур; балким ал жолдорго жете алам, асмандардын жолдоруна. Ошентип Мусанын кудайына чыга алаармын... (Момун Сүрөсү, 36-37)

 

Бирок чынында болсо, Аллах бүт жерде жана бүт нерсени орогон. Бул чындык бир Куран аятында мындайча айтылат:

 

Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү ошол жакта. Шек жок, Аллах курчоочу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 115)

 

Аллах жалгыз абсолюттук Зат катары бүт ааламды, бүт адамдарды, жерлерди, асмандарды, бүт тарапты ороп курчаган жана Аллах бүт ааламда көрүнүүдө. Хадистерде риваят кылынгандай, Пайгамбарыбыз (сав) Аллах асманда деп айткан бир адамга туура айттың деген. Бирок бул риваят Аллахтын бүт тарапта экенине карама-каршы келбейт. Себеби дүйнөнүн сиз турган жериндеги бир киши колдорун асманга көтөрүп, Аллахка дуба кылса жана Аллах асманда деп ойлосо, түштүк уюлда башка бир адам да ушул сыяктуу Аллахка кайрылса, түндүк уюлда бир адам колдорун асманга көтөрсө, Япониядагы бир адам, Америкадагы бир адам, Экватордогу бир адам да ошол сыяктуу колдорун асманга көтөрүп, Аллахка кайрылса, анда кандайдыр бир туруктуу орунду көрсөтүү мүмкүн болбойт. Ошол сыяктуу ааламдын жана космостун ар кайсы жериндеги жиндер, периштелер, шайтандар да асманды карап дуба кылса, кандайдыр бир туруктуу асмандан же тараптан сөз кылуу мүмкүн болбойт, бүт ааламды курчаган бир абал келип чыгат. Сиз кайсы тарапка бурулсаңыз, Аллахтын көрүнүшү ошол жакта.

Аллах бүт жакта болгондуктан, бизге бүт нерседен жакыныраак. Бул адамдардын көпчүлүгү алданган «аралык» сезимин жок кылган бир чындык. Адамдар көбүнчө өз денелеринин жанында көргөн нерселерди «жакын» деп аташат. «Сизге эң жакын нерсе эмне» деген суроо берилсе, буга «кийимим, саатым, көз айнегим» деп же «денем» деп жооп берет. Чынында болсо Аллах адамга булардын баарынан жакыныраак. Бир Куран аятында бул сыр мындайча кабар берилет:

 

Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктарды берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз. (Каф Сүрөсү, 16)

 

Бул чындыкты түшүнгөн адам Аллахтын өзүнүн жалгыз досу, жалгыз велиси, жалгыз жардамчысы экенин түшүнөт. Ошентип Курандын алгачкы сүрөсү болгон Фатиха Сүрөсүндөгү «Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз» деген дубанын сырын түшүнөт. Ошол сыяктуу, дүйнөдөгү бүт иштердин Аллахтын каалоосу менен ишке ашаарын, Ал аныктаган тагдырга жараша болоорун, эч бир адамдын жана жандыктын Аллахтын эркинин тышына чыга албашын да түшүнөт. Бул төмөндөгү Куран аятында кабар берилген сырды түшүнүү болот:

 

Асмандарда жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «көңүлдөн моюн сунган» абалда. (Рум Сүрөсү, 26)

 

Мейкиндиктин бир кабылдоо экенин түшүнүү акырет жашоосунун кандайча болоору жөнүндөгү туура эмес түшүнүк, күмөндөрдү да жок кылат. Акыретке ишенбеген же акыреттин бар экени жөнүндө күмөн санаган адамдардын көпчүлүгү абдан туруктуу жана тең салмактуу деп ойлогон ааламдын кантип жок болуп, мунун ордуна бейиш жана тозокту ичине камтыган жапжаңы бир ааламдын курулаарын түшүнө албайт. Чынында болсо, ал туруктуу жана тең салмактуу деп ойлогон аалам – Аллах анын рухуна көрсөткөн кабылдоолордун жыйындысы гана. Бир кабылдоонун жок болуп, ордуна башкасынын адамга берилиши болсо Аллах үчүн абдан оңой. Адам түнкү уйкусунда көрүп жаткан түшүнөн бир заматта ойгонуп, такыр башка бир ааламга («чыныгы жашоо» деп ойлогон бул дүйнөгө) өтө алган сыяктуу, дүйнө жашоосунан акырет жашоосуна да ушундайча өтөт. Туруктуу жана тең салмактуу деп ойлогон, бирок чынында Аллахтын тынымсыз жаратышы менен турган аалам чоң бир кыямат менен жок болот жана андан соң бейиш менен тозок жаратылат.

Заттын бир элес экенин, мейкиндиктин мээбиздеги бир кабылдоо экенин жана Аллах сезим жана элес даражасында жараткан бир дүйнөдө жашап жатканын түшүнгөн адам дагы көптөгөн чоң сырларга ээ болот. Адамдардын көпчүлүгүнөн айырмаланып, «себептер» (б.а. Аллах жараткан окуялар жана жандыктар) ичинде сыгылуудан кутулат. Себептерге «кыймыл дубасы» катары гана кайрылат. Чынында болсо бүт жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экенин билет жана ар ишинде Ага дуба кылып Андан жардам сурайт. Мал-мүлк, байлыкка ач көздүк кылбайт. Адамдар ашыкча маани берген мал-мүлктөрдүн; мисалы чоң үйлөрдүн, люкс машиналардын, кымбат кийимдердин, маанилүү кызмат орундарынын мээдегисин гана көрөөрүн билгендиктен, аларга маани бербейт. Аллахтын бул көркөм кооздуктарды адамдарды сыноо үчүн жаратканын билет. Буларды каалаганына берет, каалаганынан кайра алат.

Заттын жана мейкиндиктин бир элес экенин түшүнгөн адам Аллахтан башка кандайдыр бир нерседен, жандыктан коркуудан да кутулат. Көргөндөрүнүн баары Аллах жараткан кабылдоолор жана Аллахтын уруксаты болмоюнча, эч ким ага эч нерсе кыла албайт. Тартынып-коркууга ылайыктуу жалгыз Зат – бул Аллах. Муну түшүнгөн адам Аллах «Алар Аллах берген элчилик милдетин аткаргандар (динге чакыргандар), Андан ичи титиреп-корккондор жана Аллахтан башка эч кимден коркпогондор» (Ахзаб Сүрөсү, 39) аяты менен сүрөттөгөн пайгамбарлардын жогорку ахлагына жеткен болот.

 

Аллах аныктаган себеп-натыйжа байланыштары

Заттын жана мейкиндиктин бир элес экенин түшүнгөн адам башка адамдар билбеген дагы бир өтө маанилүү сырды түшүнөт: дүйнөдөгү себеп-натыйжа байланыштары заттын физикалык касиеттери себебинен же адамдар арасы мамилелер натыйжасында болуп жаткан жок. Зат бир кабылдоо (элес) болгондуктан, физикалык бир таасири жок. Ар физикалык таасир өз-өзүнчө элес катары жаратылат. Мисалы, ыргытылган бир таш терезени сындырбайт; таштын ыргытылышы жана терезенин сынышы жөнүндөгү көрүнүштөр өз-өзүнчө жаратылат. Кемелерди сууда сүздүргөн «суунун көтөрүү күчү» же канаттууларды абада кармаган «абанын көтөрүү күчү» элес катары жаратылат. Ошондуктан негизи ушул сыяктуу «күчтөрдүн» баары чындыгында Аллахка тиешелүү. Бул чындыкка Куран аяттарында мындайча көңүл бурулат:

 

Алар үстүнөн тизилип канат кагып, учкан куштарды көрбөй жатышабы? Аларды Рахман болгон Аллахтан башкасы бош абада кармаган жок. Шексиз Ал – бүт нерсени толугу менен көрүүчү. (Мүлк Сүрөсү, 19)

 

Аллахтын жердегилерди жана деңизде Анын буйругу менен сүзүп жүрүүчү кемелерди силердин пайдаланууңарга бергенин көргөн жоксуңбу. Жана (Өз) уруксаты болмоюнча, асманды жердин үстүнө түшүүдөн сактайт. Шексиз, Аллах адамдарга карата боорукер, абдан мээримдүү. (Хаж Сүрөсү, 65)

 

Бул сырды түшүнгөн ыймандуу адамдын башка адамдар менен болгон мамилелери да адамдардын көпчүлүгү кабыл алган себеп-натыйжа байланыштарынан башкача болот. Бүт адамдарды жана алардын тагдырын Аллах жараткан жана ушул себептен адамдар арасындагы себеп-натыйжа байланыштары да Аллах белгилегендей болот. Мисалы бир аятта Аллах мындай сырды кабар берет:


Эй ыйман келтиргендер, үстүңөрдөгү (жоопкерчилик) өз напсиңер. Силер туура жолго жетсеңер, адашкан силерге зыян бере албайт. Баарыңар Аллахка кайтасыңар. Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет. (Маида Сүрөсү, 105)


Эгер Мусулмандар туура жолго жетишсе, адашкандар аларга эч качан зыян бере алышпайт. Бул Аллахтын бир мыйзамы, бирок Анын кудуретин түшүнгөн жана Ага татыктуу ыйман келтирген ыймандууларга тиешелүү. Башка бир аятта Аллахтын башка бир мыйзамы мындайча кабар берилет:


Эркек болсун, аял болсун, бир момун (ыймандуу) катары ким ыкластуу бир амал (иш-аракет) жасаса, албетте, Биз аны сонун бир жашоо менен жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 97)


Ушул сыяктуу дагы көп сырлар ыйман келтиргендер үчүн дүйнөнү такыр башка бир жерге айлантат. Каапырлар үчүн дүйнө жашоосу (колундагы бүт мал, мүлк, кызмат орду жана бийлигине карабастан) ар кандай кыйынчылык, коркуу, тынчсыздануу менен стресске толо бир азап мекени болсо, ыймандуулар үчүн бейиштин бир кичинекей үлгүсүнө айланат.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: ЗАТТЫН АРТЫНДАГЫ СЫР ТЕМАСЫ "ВАХДЕТИ ВҮЖУД" ЭМЕС

  Заттын артындагы сыр темасы кээ бир адамдардын каршы чыгышына себеп болууда. Бул адамдар бул теманын өзөгүн туура эмес түшүнүшкөндүктөн, б...